Мазмунга өтүү

Жаза баштаңыз — эки тамгадан. Мисалы: «расписание», «301», «Python».

Илим / Изилдөөлөр· 1 мүн окуу

ICTEXPO-2026 эл аралык студенттик форуму жыйынтыкталды

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «ICTEXPO-2026» аталышында эл аралык студенттик форум жыйынтыкталды. Форумга КМУнун илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева…

// бөлүшүү TelegramWhatsApp
ICTEXPO-2026 эл аралык студенттик форуму жыйынтыкталды

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «ICTEXPO-2026» аталышында эл аралык студенттик форум жыйынтыкталды.

Форумга КМУнун илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов, профессордук-окутуучулар курамы, Кыргызстандын жана Казакстандын жогорку окуу жайларынан 150дөн ашык студент катышты.

Форумдун жүрүшүндө студенттер заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы эмгектерин, изилдөөлөрүн жана 102 долбоор сунушталып, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Иш-чаранын алкагында студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, жеңүүчүлөргө сертификаттар тапшырылды.

Иш-чара КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.

Сүрөттөр

Тегдер

// бөлүшүү TelegramWhatsApp
Facebook'тогу пост ↗

// tail ./news

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар →
«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
#Мероприятия#Наука

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду

Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
#Искусственный интеллект#Конференции

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады

ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
#Награды#Студенты

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды

КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.