ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 17-ноябрь — Эл аралык студенттер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү. Сыйлангандардын арасында Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттери да бар:
- «Менин университетим» видеороликтер (Reels) сынагынын дипломы — Абдилазиз Газыбаев, ЖМТИнин 2-курсунун студенти.
- Ишеналы Арабаев атындагы стипендия — Асия Мейманова.
- КМУнун ректорунун Ардак грамотасы — Бакиева Нураида Жаныбековна.
- КМУнун ректорунун ыраазычылык каты — Алмабеков Эрбол Болотбекович.
- Жарандык коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн КМУнун бириккен кесиптик бирлигинин Ардак грамоталары — Канат Турумбеков, Богдан Белоусов, Чолпонай Токтобекова.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин ОКББ бөлүмүндөгү ноябрь декадасы: «Math PRO», ачык сабактар жана семинар
Ноябрь декадасынын уландысы катары ЖМТИнин ОКББнын гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналар бөлүмү тарых боюнча ачык сабак, «Math PRO» викторинасы, астрономия жана физика боюнча сабактан тышкаркы сааттар жана методикалык семинар өткөрдү.


