ОКББ бөлүмүндө кафедралык жыйын өттү
Бүгүн 4-ноябрда Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө кезектеги кафедралык жыйын өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды: Алдыдагы жумада аткарылуучу…
Бүгүн 4-ноябрда Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө кезектеги кафедралык жыйын өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
- Алдыдагы жумада аткарылуучу окуу-методикалык жана уюштуруу иштеринин планы;
- Окутуучулардын жумалык ишмердүүлүгү жана тапшырмалардын өз мөөнөтүндө аткарылышы;
- Сабактардын үзгүлтүксүз өткөрүлүшү, сабактардын себепсиз токтотулушуна жана үзгүлтүккө учурашына жол бербөө;
- Сабактарга катышуу, окуу тартиби жана билим берүү процессинин сапатын жогорулатуу маселелери.
Жыйындын соңунда белгиленген тапшырмаларды өз убагында жана жоопкерчилик менен аткаруу, окуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Сапаттуу билим берүү — жалпы жоопкерчилигибиз!
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.





