Стамбулда Zebra Electronics компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу
И. Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институтунун директору Максатбек Койчуманов жана Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов Стамбул шаарында Zebra Electronics компаниясынын…
И. Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институтунун директору Максатбек Койчуманов жана Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов Стамбул шаарында Zebra Electronics компаниясынын техникалык операциялар боюнча директору Кемал Кыр жана сатуу боюнча директору Мелих Озпарлак менен жолугушту.
Жолугушууда күн энергиясын колдонуу аркылуу энергияны үнөмдөө жаатында тажрыйба алмашуу, электромобилдерди колдонуу жана энергия ресурстарын комплекстүү үнөмдөө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана өнөктөштүктү бекемдөө маселелери талкууланды.
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.
