Япониянын компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Япониянын компанияларынын өкүлдөрү келди. Жолугушууга КМУнун эл аралык коммуникациялар жана инвестициялар боюнча проректору Айчүрөк Мырзалымбекова, японтаануу…
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Япониянын компанияларынын өкүлдөрү келди.
Жолугушууга КМУнун эл аралык коммуникациялар жана инвестициялар боюнча проректору Айчүрөк Мырзалымбекова, японтаануу институтунун директору Айбек Самаров, Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов, MINERVA Co., Ltd. компаниясынын президенти Одагири Эйдзи (ODAGIRI EIJI), TSP Co., Ltd. компаниясынын президенти Огава Тацуя (OGAWA TATSUYA), U-SHIN Co., Ltd. компаниясынын президенти Накахара Рё (NAKAHARA RYO) жана Digital Knowledge Co., Ltd. компаниясынын директору Ногучи Ясуюки (NOGUCHI YASUYUKI) катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагындагы инновациялык технологияларды колдонуу, санариптештирүү, заманбап адистерди даярдоо, студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана университет менен жапон компанияларынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле, тажрыйба алмашуу, биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу, санариптик билим берүү ресурстарын колдонуу жана студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү багыттары каралды.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.








