«Кыргыз элинин улуу уулдары»: Айтматов менен Осмоновго арналган кече
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен акын Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына арналган «Кыргыз элинин улуу уулдары» аттуу иш-чара өттү. Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл…
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен акын Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына арналган «Кыргыз элинин улуу уулдары» аттуу иш-чара өттү.
Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов, КРдин эл артисти Сыймык Бейшекеев, КРдин эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева, окутуучулар жана студенттер катышты.
Студенттер жазуучу менен акындын чыгармаларынан үзүндүлөрдү көркөм окуп, сахналаштырышты, ырлар жана бийлер аркылуу алардын өмүр жолун жана чыгармачылык мурасын чагылдырышты.
Иш-чара КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.











