КМУда «Жашыл аалам» аттуу иш-чара өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде (КМУ) «Жашыл аалам» аттуу иш-чара өттү.
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде (КМУ) «Жашыл аалам» аттуу иш-чара өттү.
-
Иш-чарага КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышты.
-
Иш-чаранын жүрүшүндө абанын булганышы, калдыктардын көбөйүшү, суу ресурстарынын булганышы сыяктуу экологиялык көйгөйлөр талкууланып, жаратылышты сүйүүгө жана сактоого чакырган видеороликтер жана презентациялар көрсөтүлдү.
-
Иш-чаранын негизги максаты: студенттерге экология жана анын бузулушунун себептери тууралуу түшүнүк берүү, жаратылышты коргоонун маанилүүлүгүн жеткирүү жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакыруу.
Сүрөттөр
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.







