И. Арабаев атындагы КМУда 80 жылдык мааракеге арналган илимий-инновациялык көргөзмө өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесинин урматына уюштурулган илимий-инновациялык көргөзмө 2025-жылдын 3-октябрында өттү. Көргөзмөдө окутуучулар иштеп чыккан актуалдуу илимий долбоорлор көрсөтүлдү
Билим берүү жана илим тармагындагы жетишкендиктерди көрсөткөн илимий-инновациялык көргөзмө 2025-жылдын 3-октябрында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын алкагында уюштурулду.
Көргөзмөнүн негизги максаты — университеттин профессордук-окутуучулук курамынын жана студенттеринин илимий-изилдөө потенциалын көрсөтүү, ошондой эле инновациялык технологияларды билим берүү процессине киргизүүгө түрткү берүү.
Иш-чарага КМУнун бир катар активдүү окутуучулары жана кызматкерлери өз долбоорлору менен катышты. Алардын арасында:
-
Сейтказиева Н.С.
-
Айгүл Масиянова
-
Айсулуу Жумаева
-
Аселя Акматова
-
Анарбеков Табылды
-
Токтомуш уулу Б.
-
Талгарбек Ниязбеков
Студенттер да четте калбай, өздөрүнүн ойлоп табууларын жана изилдөөлөрүн көрсөтүп, келечектеги окумуштуулар катары потенциалын ачышты. Атап айтканда:
-
А-123 тайпасынан Темирбеков Умар
-
А-124 тайпасынан Ракинов Ариэт
-
ПИ-11-24 тайпасынан Арзыматова Амина
Көргөзмө университеттин илимий-инновациялык багытта өнүгүп жатканынын далили болуп, катышуучуларга өз идеялары менен бөлүшүүгө, тажрыйба алмашууга жана кесиптештери менен жаңы долбоорлорду талкуулоого сонун мүмкүнчүлүк берди.
Илимий-инновациялык көргөзмө КМУнун 80 жылдык тарыхында жеткен ийгиликтерин даңазалап, илимдин жана инновациялардын андан ары өнүгүшүнө чоң салым кошот. Мыкты долбоорлор республикалык мааракелик иш-чараларда көрсөтүү үчүн тандалып алынат.
Сүрөттөр
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.








