«Enter the VibeHack 2026» тренинги: ЖМТИнин студенти MVP түзүү тууралуу айтып берди
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде студенттер жана КМУнун стартап-борборунун өкүлдөрү үчүн «Enter the VibeHack 2026» тренинги өттү. Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенти…
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде студенттер жана КМУнун стартап-борборунун өкүлдөрү үчүн «Enter the VibeHack 2026» тренинги өттү.
Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенти, Стартап-борбордун «TilBridge» командасынын мүчөсү Элдияр Табылду уулу MVP (минималдуу иштей турган продукт) түзүү жана стартап-долбоорлорду иштеп чыгууда жасалма интеллект технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндама жасады.
Катышуучулар MVP түзүүнүн негизги этаптары жана идеяларды тез текшерүү ыкмалары менен таанышты.
Тренингдин максаты — студенттердин стартап жаатындагы ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.

