Студенттер Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинде болушту
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун, педагогикалык колледжинин студенттери улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты. Экскурсиянын жүрүшүндө…
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун, педагогикалык колледжинин студенттери улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышты.
Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана анын кыргыз адабиятына кошкон зор салымы менен кеңири таанышты. Ошондой эле, музейдеги экспонаттар, жазуучунун жеке буюмдары, архивдик сүрөттөр жана кол жазмалар тууралуу маалыматтар берилди.
Иш-чаранын негизги максаты: студенттердин китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, улуттук адабиятка болгон сүйүүсүн күчөтүү жана улуу инсандардын мурасын урматтоого тарбиялоо.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.





