Мазмунга өтүү

Жаза баштаңыз — эки тамгадан. Мисалы: «расписание», «301», «Python».

Студенттик жашоо / Окуудан тышкаркы иш· 1 мүн окуу

ПК-11-25 тайпасы КМУнун музейине экскурсияга барды

7 -ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата ПК-11-25 тайпасынын студенттери менен биргеликте Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музейине таанып-билүү максатында экскурсия уюштурулду…

// бөлүшүү TelegramWhatsApp
ПК-11-25 тайпасы КМУнун музейине экскурсияга барды

7 -ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата

ПК-11-25 тайпасынын студенттери менен биргеликте Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музейине таанып-билүү максатында экскурсия уюштурулду.

Экскурсиянын жүрүшүндө кыргыз элинин көрүнүктүү агартуучусу Ишеналы Арабаевдин өмүр таржымалы, илимий жана агартуучулук ишмердүүлүгү, жазган эмгектери менен тааныштык. Ошондой эле кыргыз илимине, билим берүү жана маданиятына салым кошкон залкар инсандардын тарыхый мурастары тууралуу маалымат алдык.

Иш-чаранын максаты — жаш муундарга тарыхты таанытуу, улуттук баалуулуктарды урматтоого жана ата-бабалардын мурасын аздектөөгө тарбиялоо.

Иш-чаранын уюштуруучусу: ПК-11-25 тайпасынын куратору Жумаева А.А.

Сүрөттөр

Тегдер

// бөлүшүү TelegramWhatsApp
Facebook'тогу пост ↗

// tail ./news

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар →
«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
#Мероприятия#Наука

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду

Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
#Искусственный интеллект#Конференции

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады

ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
#Награды#Студенты

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды

КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.