ЖМТИнин колледжинин студенттери «Программалоо жумалыгы» хакатонунун байге ээлери болушту
И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн окутуучулары Асель Акматова, Айсулуу Жумаева жана студенттер К. Колбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжи…
И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн окутуучулары Асель Акматова, Айсулуу Жумаева жана студенттер К. Колбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжи уюштурган «Программалоо жумалыгы» хакатонуна катышышты.
Катышуучулар робототехника, графика, программалоо жана санариптик технологиялар боюнча долбоорлорун көрсөтүп, чектелген убакыттын ичинде практикалык тапшырмаларды аткарышты.
- «Робототехника» багытында Умар Темирбеков 1-орунду алды;
- «Графика» багытында Гуласал Шербекова 3-орунду ээледи.
Хакатондун максаты — жаш программисттердин чыгармачылык жана интеллектуалдык потенциалын ачуу, инновациялык идеяларды колдоо, командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүү.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.



