ЖМТИнин ОКББ студенттери Минскидеги «Inter IT-Challenge» эл аралык олимпиадасына катышты
17–20-ноябрда ЖМТИнин ОКББ студенттери Кутманбек Окенов, Ырыскелди Слемов жана Чыңгыз Каныбеков Минскиде өткөн маалыматтык технологиялар боюнча олимпиадага катышып, дипломдорго ээ болушту.
2026-жылдын 17–20-ноябрь күндөрү Беларусь Республикасынын Минск шаарында маалыматтык технологиялар боюнча «Inter IT-Challenge» аттуу эл аралык олимпиада өттү. Ага И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн студенттери Кутманбек Окенов, Ырыскелди Слемов жана Чыңгыз Каныбеков бөлүмдүн окутуучусу Масиянова Айгүл Каныбековнанын жетекчилиги астында катышты.
Олимпиада жогорку атаандаштыкта өтүп, анын жыйынтыгында дипломдор тапшырылды. Студенттерибиз Кыргызстандын намысын эл аралык деңгээлде коргоп, өз билимдерин жана жөндөмдөрүн сынап көрүүгө, ошондой эле башка өлкөлөрдүн катышуучулары менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.
Жаңы маалыматтык технологиялар институту студенттердин катышуусуна колдоо көрсөтүп, сапарды уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн И. Арабаев атындагы КМУнун жетекчилигине жана Кыргыз Республикасындагы Беларусь Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Петрович Молуновго терең ыраазычылык билдирет.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.







