«Жашыл экономика: туруктуу өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» семинары
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде билим берүүдөгү маалыматтык технологиялар кафедрасынын декадасынын алкагында «Жашыл экономика: туруктуу өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» темасында семинар өттү. Ага…
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде билим берүүдөгү маалыматтык технологиялар кафедрасынын декадасынын алкагында «Жашыл экономика: туруктуу өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» темасында семинар өттү. Ага Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттери катышты.
Семинарда жашыл экономика түшүнүгү, анын негизги принциптери жана артыкчылыктары, кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу, ресурстарды үнөмдөө жана кайра иштетүү жолдору каралды.
Семинардын максаты — жашыл экономика концепциясы менен кеңири тааныштыруу, анын туруктуу өнүгүүгө өтүүдөгү ролун ачып берүү, экологиялык таза технологиялардын жана айлана-чөйрөнү коргоонун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүү.
Уюштуруучу — КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.



