«Волонтёрлук жана коомго кызмат кылуу» семинары
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде IT-декаданын алкагында Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары жана студенттери үчүн «Волонтёрлук жана коомго кызмат кылуу» семинары өттү…
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде IT-декаданын алкагында Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары жана студенттери үчүн «Волонтёрлук жана коомго кызмат кылуу» семинары өттү.
Катышуучуларга волонтёрлук жана анын мааниси, коомдук жоопкерчиликти жана гуманизмди калыптандыруу, командада иштөө, баарлашуу жана лидерлик көндүмдөрүн өнүктүрүү тууралуу маалымат берилди.
Семинардын максаты — студенттерди волонтёрдук ишке тартуу, алардын социалдык, командалык жана лидердик көндүмдөрүн өнүктүрүү.
Иш-чара ЖМТИнин орто кесиптик билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.



