Инвестиция тартуу жана социалдык долбоорду ишке ашыруу боюнча семинар
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары жана студенттери үчүн «Идеядан ишке ашырууга чейин: инвестиция тартуу жана социалдык долбоорду ийгиликтүү…
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары жана студенттери үчүн «Идеядан ишке ашырууга чейин: инвестиция тартуу жана социалдык долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруунун кадамдары» темасында семинар өттү.
Катышуучуларга идеяны жана долбоордун концепциясын иштеп чыгуу, инвестиция тартуу көндүмдөрү, долбоорлорду ишке ашыруу жана башкаруу тууралуу маалымат берилди.
Семинардын максаты — ийгиликтүү социалдык долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу боюнча теориялык жана практикалык билим берүү.
Иш-чара КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.





