Билим берүүдөгү психологиялык жана санариптик коопсуздук боюнча семинар
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Билим берүү мекемелеринде психологиялык жана санариптик коопсуздукту камсыз кылуунун заманбап ыкмалары» темасында илимий-методикалык семинар өттү. Жаңы маалыматтык…
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Билим берүү мекемелеринде психологиялык жана санариптик коопсуздукту камсыз кылуунун заманбап ыкмалары» темасында илимий-методикалык семинар өттү.
Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары жана студенттери алдында ЖМТИнин гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Нургүл Молдарынова баяндама жасап, окуу жайларында психологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун заманбап ыкмалары жана санариптик чөйрөдөгү тобокелдиктердин алдын алуу тууралуу айтып берди.
Иш-чара КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.







