ЖМТИнин окутуучулары академиялык мобилдүүлүк программасынын студенттери менен жолугушту
И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары доцент К. М. Юсупов жана доценттин м. а. А. А. Бузурманкулова «Туран» университетинде жана аль-Фараби атындагы Казак улуттук…
И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары доцент К. М. Юсупов жана доценттин м. а. А. А. Бузурманкулова «Туран» университетинде жана аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча окуп жаткан студенттер менен жолугушту.
Студенттер окуу процесси, жашоо шарттары жана чет өлкөдө окуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу таасирлери менен бөлүшүштү. Окутуучулар студенттерге пайдалуу кеңештерди берип, алардын жетишкендиктери менен таанышып, келечектеги максаттарын жана пландарын, ошондой эле академиялык мобилдүүлүктүн алкагында алынган тажрыйбаны, жаңы билимдерди жана маданий алмашууну талкуулашты.
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.
