ЖМТИнин окутуучулары «Туран» университетинде жасалма интеллект боюнча лекция окушту
И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары доцент К. М. Юсупов жана доценттин м. а. А. А. Бузурманкулова Казакстан Республикасындагы «Туран» университетинде «Робототехникада…
И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары доцент К. М. Юсупов жана доценттин м. а. А. А. Бузурманкулова Казакстан Республикасындагы «Туран» университетинде «Робототехникада жасалма интеллектти колдонуу» темасында конок лекциясын окушту.
Лекцияда заманбап технологиялар, робототехникалык системалардагы жасалма интеллекттин ролу, анын өндүрүштө жана билим берүүдө практикалык колдонулушу тууралуу кеңири маалымат берилди.
Мындай эл аралык жолугушуулар билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана келечектеги адистерди даярдоого олуттуу салым кошот.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.





