ЖМТИнин ОКББ бөлүмүндө ноябрь айындагы декада: ачык сабактар, лекциялар жана экскурсиялар
Ноябрь айындагы декаданын алкагында ЖМТИнин ОКББнын гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналар бөлүмү 11 иш-чара өткөрдү: ачык сабактар, лекция, семинар, интеллектуалдык оюн жана экскурсиялар.
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун орто кесиптик билим берүүнүн гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналар бөлүмүндө 2026–2027-окуу жылынын ноябрь айындагы декадасынын алкагында бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү.
- ЖМТИнин окутуучусу Перизат Кочкорбаева Түгөлбай Сыдыкбековдун өмүрү, чыгармачыл жолу жана «Тоо арасында» романы боюнча лекция өттү.
- ЖМТИнин окутуучусу Мээрим Канмолдоева «Численность, рост и миграции населения мира» аталышында ачык сабак өттү.
- ЖМТИнин окутуучусу Аида Дюшембиева «Дүйнөнүн экономикалык жана социалдык географиясына киришүү. Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн көп түрдүүлүгү» аталышында ачык сабак өттү.
- ЖМТИнин окутуучусу Уулжан Токтомамбетова «Имя прилагательное. Различение разрядов прилагательных» аталышында ачык сабак өттү.
- Инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борборунун тренери Эльмира Турсунова «Педагогикалык чеберчилик» аталышында илимий-окуу методикалык семинар өттү.
- ЖМТИнин окутуучусу Саида Акылбек кызы «Литература — зеркало души человека» аталышында сабактан тышкаркы саат өттү.
- ЖМТИнин окутуучусу Алина Бейшенбекова «Mind Masters — Мастера интеллекта» аталышында интеллектуалдык оюн өткөрдү.
- ЖМТИнин окутуучусу Эркингүл Тентиеванын жетекчилиги астында студенттер А. Осмонов атындагы үй-музейине барышты.
- ЖМТИнин окутуучусу Айжан Бактыяр кызынын жетекчилиги астында студенттер Биринчи май районунун №4 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнө барышты.
- ЖМТИнин окутуучусу Рита Бейшекееванын жетекчилиги астында студенттер Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты.
- Рита Бейшекеева Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата «Өткөнгө таазим, келечекке ишеним» аталышында иш-чара өткөрдү.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.









