«Маданият дүйнөсүнө саякат» иш-чарасы
И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунда гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналардын декадасынын алкагында окутуучу Нургүл Молдарынова уюштурган «Маданият дүйнөсүнө саякат»…
И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунда гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналардын декадасынын алкагында окутуучу Нургүл Молдарынова уюштурган «Маданият дүйнөсүнө саякат» аттуу иш-чара өттү.
Окутуучуларга жана студенттерге дүйнөнүн негизги маданий борборлору, ар кайсы элдердин салттары, үрп-адаттары жана символдору тууралуу маалымат берилди.
Иш-чаранын максаты — студенттерди дүйнөлүк маданияттын ар түрдүүлүгү менен тааныштыруу, алардын маданий аң-сезимин кеңейтүү жана өз маданиятын башка элдердин маданияты менен салыштырып талдоого үйрөтүү.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.



