«Климаттын өзгөрүшүнүн себептери жана өзгөчөлүктөрү» иш-чарасы
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучусу Саида Акылбек кызы «Климаттын өзгөрүшүнүн…
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун гуманитардык жана табигый-математикалык дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучусу Саида Акылбек кызы «Климаттын өзгөрүшүнүн себептери жана өзгөчөлүктөрү» темасында иш-чара өткөрдү.
Окутуучуларга жана студенттерге глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдүн негизги себептери, айлана-чөйрөнү коргоонун мааниси жана экологиялык жоопкерчилик тууралуу айтылды.
Иш-чаранын максаты — адам факторунун климаттын өзгөрүшүнө тийгизген терс таасирин түшүндүрүү, жаратылышка аяр мамиле жасоого чакыруу жана жаш муундун экологиялык маданиятын калыптандыруу.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.



