Иш берүүчүлөр менен тегерек стол: ЖМТИ жана Бишкектин мектептери
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде билим берүүдөгү маалыматтык технологиялар кафедрасынын декадасынын алкагында иш берүүчүлөрдүн катышуусунда тегерек стол өттү. Ага Жаңы маалыматтык технологиялар…
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде билим берүүдөгү маалыматтык технологиялар кафедрасынын декадасынын алкагында иш берүүчүлөрдүн катышуусунда тегерек стол өттү.
Ага Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов, институттун окутуучулары, №106 орто мектебинин директору Рахат Дуйшоналиева, И. Арабаев атындагы №102 орто мектебинин директору Клара Айтпаева жана №55 орто мектебинин информатика бөлүмүнүн башчысы Асель Садырова катышты.
Жолугушууда кызматташтыктын форматы, студенттерди практикага жөнөтүү, окутуучулар үчүн өндүрүштүк семинарларды өткөрүү жана иш берүүчүлөрдүн адистерин сабактарга тартуу маселелери талкууланды.
Иш-чаранын максаты — билим берүү программаларын иш берүүчүлөрдүн талаптарына ылайыкташтыруу, өндүрүштүк практиканы уюштуруу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу.
Иш-чара КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.





