ЖМТИде жогорку билим берүүдөгү жасалма интеллект боюнча тегерек стол өттү
ЖМТИнин окутуучулары жана студенттери Казакстандагы «Туран» университетинин окутуучулары менен (онлайн) жогорку билим берүүдөгү жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн, көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулашты.
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Жогорку билим берүүдө заманбап маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект: мүмкүнчүлүктөрү, көйгөйлөрү жана келечеги» аталышында тегерек стол өттү.
Иш-чарага КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун профессордук-окутуучулар курамы, студенттер жана Казакстан Республикасынын «Туран» университетинин окутуучулары онлайн катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жасалма интеллектти студенттердин теманы терең өздөштүрүүсүнө көмөктөшүү жана алардын өз алдынча иштөө жөндөмүн сактоо максатында кантип натыйжалуу колдонуу керектиги талкууланды. Ошондой эле жогорку билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуунун мүмкүнчүлүктөрү, көйгөйлөрү жана келечеги каралды.
Тегерек стол КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун колдонмо информатика кафедрасы тарабынан уюштурулду.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.

