Санариптик технологиялар боюнча интеллектуалдык турнир
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде санариптик технологияларды колдонууга арналган интеллектуалдык турнир өттү. Ага Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары жана студенттери катышты…
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде санариптик технологияларды колдонууга арналган интеллектуалдык турнир өттү. Ага Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары жана студенттери катышты.
Катышуучулар санариптик куралдар, маалыматтык коопсуздук, жасалма интеллект, онлайн-платформалар жана IT боюнча суроолорго жооп берип, теориялык жана практикалык тапшырмаларды аткарышты, логикалык ой жүгүртүүсүн, тез чечим кабыл алуусун жана чыгармачылык мамилесин көрсөтүштү.
Турнирдин максаты — студенттердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, маалыматтык коопсуздук боюнча билимин кеңейтүү, чыгармачылыгын жана командада иштөө маданиятын өнүктүрүү.
Иш-чара КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.






