«Тил – элдин жүрөгү» интеллектуалдык оюну
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Тил – элдин жүрөгү» аттуу интеллектуалдык оюн өттү. Оюнга Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов жана окутуучулар катышты. ЖМТИнин орто…
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Тил – элдин жүрөгү» аттуу интеллектуалдык оюн өттү.
Оюнга Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов жана окутуучулар катышты. ЖМТИнин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн студенттеринен түзүлгөн командалар мамлекеттик тилдин ролу жана мааниси тууралуу баяндамаларды жасашты.
Иш-чаранын максаты — кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары маанисин, коомдогу ролун жана статусун түшүндүрүү, эне тилге болгон сүйүүнү жана урматты тарбиялоо, таза жана туура сүйлөөгө үйрөтүү.
Иш-чара ЖМТИнин орто кесиптик билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.






