«Илим – келечектин ачкычы» интеллектуалдык оюну өттү
10-ноябрь – Илим күнүнө карата И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан «Илим – келечектин ачкычы» аттуу интеллектуалдык оюн уюштурулду. Иш-чарага…
10-ноябрь – Илим күнүнө карата И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан «Илим – келечектин ачкычы» аттуу интеллектуалдык оюн уюштурулду.
Иш-чарага институттун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышып, билимдерин, ой жүгүртүү жөндөмдөрүн жана тапкычтыктарын сынашты.
Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттыруу, интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү жана илимий изденүүгө шыктандыруу.
Илим – өнүгүүнүн булагы, келечектин ишенимдүү ачкычы!
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.




