ЖМТИ аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети менен кызматташтыкты улантууда
И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов жана инженер-программист Баян Токтомуш уулу аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин эл аралык байланыштар…
И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов жана инженер-программист Баян Токтомуш уулу аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин эл аралык байланыштар департаментинин директору Есбол Омуржанов менен жолугушту.
Жолугушууда эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана билим берүү жаатындагы өнөктөштүктү бекемдөө маселелери талкууланды.
Академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча окуп жаткан студенттер менен бирге делегация санариптик технологиялар жана робототехника боюнча эл аралык борборлор, FARABI HUB инновациялык борбору жана университеттин жасалма интеллект лабораториясы менен таанышты.
Сапардын максаты — тажрыйба алмашуу, санариптик технологиялар, робототехника жана жасалма интеллект жаатындагы акыркы жетишкендиктер менен таанышуу жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.



