Мазмунга өтүү

Жаза баштаңыз — эки тамгадан. Мисалы: «расписание», «301», «Python».

Администрация / Расмий· 1 мүн окуу

КМУда мамлекеттик тил саясаты боюнча иш-чара өттү

4-ноябрда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Мамлекеттик тил саясаты: аткарылган иштер, жетишкендиктер жана алдыдагы милдеттер» аталышындагы иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тил…

// бөлүшүү TelegramWhatsApp
КМУда мамлекеттик тил саясаты боюнча иш-чара өттү

4-ноябрда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Мамлекеттик тил саясаты: аткарылган иштер, жетишкендиктер жана алдыдагы милдеттер» аталышындагы иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тил айлыгынын жыйынтыгы чыгарылып, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен университеттин түзүмдүк бөлүмдөрү жана кафедралары сыйланды.

Сыйлангандардын катарында Жаңы маалыматтык технологиялар институту жана институттун Орто кесиптик билим берүү бөлүмү да бар.

Ошондой эле иш-чарада университетте мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу багыттары, жетишкендиктери жана алдыдагы милдеттери талкууланды.

Белгилей кетсек, иш-чара КМУнун Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Куттуктоо менен! Бул жетишкендиктер мындан аркы ийгиликтерге өбөлгө болсун!

Сүрөттөр

Тегдер

// бөлүшүү TelegramWhatsApp
Facebook'тогу пост ↗

// tail ./news

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар →
«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
#Мероприятия#Наука

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду

Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
#Искусственный интеллект#Конференции

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады

ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
#Награды#Студенты

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды

КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.