ЖМТИ менен М.Х. Дулати атындагы Тараз университети кош диплом программасын талкуулады
ЖМТИнин директору Улан Керимов М.Х. Дулати атындагы Тараз университетинин өкүлдөрү менен жолугуп, «Колдонмо информатика» магистратурасы боюнча кош диплом программасын талкуулады.
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов Казакстан Республикасынын М.Х. Дулати атындагы Тараз университетинин академиялык маселелер боюнча проректору Максат Мусабеков, Индустрия жана санариптик технологиялар жогорку мектебинин деканы Айбек Кабанбаев, Санариптик технологиялар жана жасалма интеллект кафедрасынын доценти Марина Байжарикова менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Колдонмо информатика» магистрдик билим берүү программасы боюнча кош дипломдуу программаны ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Бул жолугушуу эки жогорку окуу жайдын академиялык кызматташтыгын өнүктүрүүгө, санариптик технологиялар багытында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана магистранттар үчүн эл аралык билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.
