Мазмунга өтүү

Жаза баштаңыз — эки тамгадан. Мисалы: «расписание», «301», «Python».

Иш-чаралар / Окуялар· 1 мүн окуу

«Экстремизм жана радикализмди алдын алуу» конок лекциясы

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин отставкадагы полковниги Оморов Мадаминбек «Экстремизм жана радикализмди алдын алуу» аталышында конок-лекция өттү…

// бөлүшүү TelegramWhatsApp
«Экстремизм жана радикализмди алдын алуу» конок лекциясы

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин отставкадагы полковниги Оморов Мадаминбек «Экстремизм жана радикализмди алдын алуу» аталышында конок-лекция өттү.

Конок-лекцияга КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Конок-лекциянын жүрүшүндө экстремизм жана радикализмдин алдын алуу, алардын коомго тийгизген терс таасири, жаштар арасында укуктук сабаттуулукту жогорулатуу жана мындай көрүнүштөргө каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту сактоо, ар кандай радикалдык көз караштардын таасирине алдырбоо маселелери талкууланды.

Иш-чаранын негизги максаты: жаштардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу, экстремизм менен радикализмдин алдын алуу боюнча түшүнүгүн кеңейтүү жана коомдогу тынчтыкты, туруктуулукту сактоого үндөө.

Иш-чара КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.

Сүрөттөр

Тегдер

// бөлүшүү TelegramWhatsApp
Facebook'тогу пост ↗

// tail ./news

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар →
«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
#Мероприятия#Наука

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду

Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
#Искусственный интеллект#Конференции

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады

ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
#Награды#Студенты

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды

КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.