«Ойлон. Текшер. Катыш!»: медиа жана санариптик сабаттуулук боюнча иш-чара
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Ойлон. Текшер. Катыш!» аттуу иш-чара өттү. Иш-чарага КМУнун окуу иштери боюнча проректору Самат Жумалиев, «Жарандык катышуу» коомдук фондунун директору Айбек…
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Ойлон. Текшер. Катыш!» аттуу иш-чара өттү.
Иш-чарага КМУнун окуу иштери боюнча проректору Самат Жумалиев, «Жарандык катышуу» коомдук фондунун директору Айбек Аскарбеков, Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.
Иш-чаранын максаты — студенттердин медиа, маалыматтык жана санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, маалыматты сын көз менен талдоо, ишенимдүү булактарды аныктоо жана интернеттеги маалыматты жоопкерчилик менен колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүү.
Иш-чара КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.






