«Жасалма интеллекттин коомго тийгизген таасири» темасында дебаттар
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттеринин арасында «Жасалма интеллекттин коомго тийгизген таасири» темасында дебаттар өттү. Катышуучулар жасалма…
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттеринин арасында «Жасалма интеллекттин коомго тийгизген таасири» темасында дебаттар өттү.
Катышуучулар жасалма интеллекттин коомдогу ролун, анын артыкчылыктарын жана мүмкүн болгон тобокелдиктерин талкуулашты. Чечендик чеберчиликке, талкуу маданиятына, командада иштөөгө жана башкалардын аргументтерин урматтоого өзгөчө көңүл бурулду.
Дебаттын максаты — студенттердин аналитикалык жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, өз позициясын так жана негиздүү коргоого үйрөтүү.
Иш-чара КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.
Сүрөттөр
Тегдер
// tail ./news
Башка жаңылыктар

«Болашак» университетинин профессору Умирбек Умбетов ЖМТИде конок-лекция окуду
Кызылордадан келген профессор ЖМТИнин окутуучуларына жана студенттерине озондоштуруу ыкмасын колдонгон иштетүү процесстерин башкаруунун интеллектуалдык системасы тууралуу айтып берди.

Айгүл Бузурманкулова «Туран» университетиндеги жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда баяндама жасады
ЖМТИнин колдонмо информатика кафедрасынын доцентинин м.а. жасалма интеллект менен иштелип чыккан кыргыз тилиндеги информатика боюнча оюн форматындагы окуу материалы тууралуу баяндама жасады.

ЖМТИнин студенттери Студенттер күнүнө карата сыйланды
КМУнун Студенттер күнүнө арналган салтанатында ЖМТИнин студенттери И. Арабаев атындагы стипендияга, ректордун жана кесиптик бирликтин грамоталарына, ыраазычылык катына жана «Менин университетим» видеороликтер сынагынын дипломуна ээ болушту.







