И. Арабаев атындагы КМУда кырсык коркунучун азайтуу боюнча масштабдуу машыгуу өттү
2025-жылдын 30-сентябрында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кырсык коркунучун азайтуу күнүнө арналган комплекстүү практикалык иш-чара өттү. Окуу жайдын окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери өзгөчө кырдаалдарда тез жана коопсуз эвакуациялоонун көндүмдөрүн бышыкташты.




